Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы
2020-жылдын 22-январы № 94
Садыр аке айыл аймагынын 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 78 беренесинин жана Садыр аке айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттинин аткарлышын жүрүшү жөнүндө угуп жана талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Садыр аке айыл аймагынын 2019-жылда жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү 10046,8 миң сом, анын ичинде трансфертер - 2841,3 миң сом, атайын счет-1262,1миң сом, жергиликтүү бюджет – 5943,4 миң сом өлчөмүндө аткарлышынын жүрүшү жактырылсын жана бекитилсин. Жана ошондой эле чыгаша бөлүгү - 9491,7 миң сом өлчөмдө аткарлышынын жүрүшү жактырылсын жана бекитилсин.
2. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы бюджеттик кодексинин негизинде жана айылдык кеңештин бюджет боюнча комиссиянын чечимдеринин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Рашевке жана ФЭБтин башчысы Н.Сыдыковага милдеттендирилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Бозунбаев |