Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2020-жылдын 28-августу № 107
Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин долборун бекитүү жана 2022-2023-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» 78-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгышылары боюнча 9330,6мин. сом (тогуз миллион үч жүз отуз миң алты жүз) сом өлчөмүндө анын ичинен:
-тендештируучу грант 2196,9 мин.сом ( эки миллион бир жүз токсон алты миң тогуз жүз) сом
-атайын каражат эсеби 1201,5(бир миллион эки жүз бир миң беш жүз )сом өлчөмдө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин .
2. Садыр аке айыл Аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгышылары боюнча 9402,7миң сом (тогуз миллион торт жуз эки миң жети жуз сом) өлчөмүндөгу долбоору жактырылсын.
3. Садыр аке айыл Аймагынын 2023-жылга карата 9402,7миң сом (тогуз миллион торт жуз эки миң жети жуз сом) өлчөмүндөгу долбоору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Рашев жана ФЭБнун башчысы Н.У.Сыдыковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Бозунбаев |