Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
2020-жылдын 22-марты № 100
Садыр аке айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери жөнүндө” Бюджеттик Кодексинин 48-беренесинин 10-пунктун жана жайыт пайдалануучуларынын 2020-жылга карата бюджетин карап,талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 150,0(жүз элүү миң) сом өлчөмүндө анын ичинен:
- Жайыттарды пайдаланган үчүн төлөм-140,8(жүз кырк миң сегиз жүз)сом.
- Жер салыгы-9,2 (тогуз миң эки жүз) сом менен бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин төрагасына жана эсеп бухгалтерине эмгек акы 5000 (беш миң) сомдон төлөнүп берилсин.
3. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталашы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
4. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата киреше булагына түшө турган акча каражаты 100 пайызга жайыт комитетинин чыгаша булагына толугу менен каралып берилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы К.Т. Рашевге жана ФЭБнун башчысы Н.У. Сыдыковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет,экономика,инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча”туруктуу комиссияга тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы П.Г Жукка милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бозунбаев |