Редакцияот 10.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы

 

2021-жылдын 10-февралы № 120

Садыр аке айыл аймагынын Жайыт комитетинин жайыт акыларын бекитүү жөнүндө

Садыр аке айыл айыл аймагынын Жайыт комитенин жайыт акыларын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 32- сессиясы токтом кылат:

1. Садыр аке айыл аймагынын жайыт комиттетиндеги крематордун иштешинин акыларын төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Эки камералуу крематордун иштешине күйүүчү майдын чыгымы:100 килограмм биокалдыка  33 литр күйүүчү май (солярка)жана генератордун иштешине 1 саатка 2,5 литр күйүүчү май (бензин) сарпталсын.

- Жумушчуга биокалдыктарды ѳрттѳгѳнү үчүн кварталына 2500 сом эмгек акы тѳлѳнүп берилсин.

- Григорьевка  айылынын тургундары өлгөн малдын өлүктөрүн крематорго алып  барууга милдеттүү.

- Токтомго баш ийбей малдын өлүктөрүн таштандыга,талаага же арыктарга ташталса ал ташталган малга жайыт комитет тарабынан айып 10000 (он) миң сом салынсын.

- Кышкы,жазгы жана күзгү жайыттарга ИММ жана жылкы башына-15сом, МММ-6 сом 1 баш малга.

- Жайкы жайытка ИММ жана жылкы башына -30 сом, МММ-15 сом 1 мал башына.

- Жайыт жерлерин башка максаттар менен колдонууга:антенага-7000 сом бир айга жана ошондой эле (чөп чабык,картошка,чеснок)-1 сотка жерге-30 сом.

- Жайыт жерлердеги жер казынасын (карьер)(топурак,интертүү грунт) колдонуу үчүн 50 сомдон 100 сомго чейин авто унааанын түрүнө жараша алынсын.

2. Юстиция башкармалыгынан ушул токтомду мамлекеттик реестрге киргизип берүү жагы суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин төрагасы П.Г.Жукка милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Бозунбаев