Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 30-сессиясы
2020-жылдын 20-октябры № 109
Садыр аке айыл аймагындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин эшик терезелерин алмаштыруу үчүн ѳздүк салымды бекитүү жѳнүндѳ
Садыр аке айыл аймагындагы А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин эшик, терезелерин алмаштыруу үчүн дем берүү гранттка 750000(жети жүз элү мин) сом акча каражаты талап кылынып жаткандыгын эске алып, айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы Н. Сыдыкованын маалыматын жана “Бюджет, финансы, экономика инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссиянын тѳрайымы Л. Корневанын кошумча маалыматын угуп жана талкуулап Садыр аке айыл аймагынын айылдык Кеңеши тѳмѳнкүдѳй токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин эшик, терелерин алмаштыруу боюнча долбоору ишке ашкан учурда ѳздүк салым катары мектеп бѳлүмүнѳн 31112390 “Башка имараттарды капиталдык оңдоо” беренесинен 750000 (жети жүз элү мин) сом акча каражаты 2021-жылдын бюджетинин биринчи кварталына коюлсун.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл ѳкмѳт башчысы К.Т. Рашевге жана ФЭБнүн башчысы Н.У. Сыдыковага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү боюнча” туруктуу комиссияга жүктѳлсүн.
Төрага | А.Бозунбаев |