Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садыр аке айылдык кеӊешинин эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги 31-сессиясы
2020-жылдын 18-декабры № 112
Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 78-беренесинин 2-пунктун жана Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 8814,3мин. сом (сегиз миллион сегиз жүз он төрт мин үч жүз) сом өлчөмүндө анын ичинен:
-тендештирүүчү грант 2124,1 миң. сом (эки миллион бир жүз жыйырма төрт мин бир жүз) сом
-атайын каражат эсеби 1100,0 миң сом (бир миллион бир жүз бир ) сом өлчөмдө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин
2. Садыр аке айыл Аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюжет кирешелер жана чыгышылары боюнча 8892,9 миң сом (сегиз миллион сегиз жүз токсон эки мин тогуз жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. Садыр аке айыл Аймагынын 2023-жылга карата жергиликтүү бюжет кирешелер жана чыгышылары боюнча 8958,4 миң сом (сегиз миллион тогуз жүз элү сегиз мин төрт жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
4.Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына бекитилгенге жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Т. Рашевге жана ФЭБнун башчысы Н.У.Сыдыковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Бозунбаев |