Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 265
Арыздарды кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Сары-Ой айылынын “Нурдɵɵлɵт ата Жаштар уюмуна Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы аянты 7.34 га шалбаа жерди айыл чарба багытында пайдалануу үчүн берүүнү суранган арызын карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Нурдɵɵлɵт ата Жаштар уюмуна Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы аянты 7.34 га шалбаа жерди айыл чарба багытында пайдалануу үчүн ижарага берилсин.
2. Чон-Сары-Ой айылдык Кенешинин Жекшен уулу Айтбекке Сары-Ой айылынын түндүк тарабындагы аянты 7.34 га жер тилкеси боюнча 2020-жылдын декабрь айынын 25 инде чыккан №218 токтом жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана айыл өкмөтүнүн юристи Ж.Жанузаковго милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча труктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э. Кожокеев |