Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXVII сессиясы
2021-жылдын 3-марты № 261
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2021-жылга карата атайын каражаттар боюнча бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бѳлүмүнүн 3-пунктун, Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагына караштуу Бает айылында жаңы бала бакча ачылып, ишке кирип 2021-жылга карата атайын каражаттар бюджетинин болжолдуу долбоорунун киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, атайын каражаттар бюджетине өзгөртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын 2021-жылга карата атайын каражаттар бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча 900,0(тогуз жүз миң) сом, өлчөмүндө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБ нүн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
4. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Э. Кожокеев |