Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 26-майы № 6
Чон-Сары-Ой айыл аймагынын 2021-жылга карата атайын каражаттар боюнча бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бѳлүмүнүн 3-пунктун, жана Айыл ɵкмɵтүнүн башчысы У.Абдырахмановдун атайын каражаттар бюджетине өзгөртүү киргизүү тууралуу кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Чоӊ-Сары-Ой айыл аймагынын 2021-жылга карата атайын каражаттар бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалары боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитилсин.
- Айылдык Кенештин жооптуу катчысынын эмгек маянасы социалдык фондко чегерүү менен 28,1 (жыйырма сегиз мин) сом
- “Достук” бала бакчасынын тамак ашына 324,0 (үч жүз жыйырма тɵрт мин )сом
- Чарбалык буюмдар үчүн 16,0 (он алты мин) сом
- Канцеляриялык товар үчүн 15,0 (он беш мин) сом
- “Достук” бала бакчасынын таза сууга тɵлɵмү 26,2 (жыйырма алты мин эки жүз) сом
-Электр жарыгы үчүн 200,8 (эки жүз мин сегиз жүз) сом
2. Чоӊ-Сары-Ой айыл алдында түзүлгɵн Турак жай коммуналдык чарба жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунан калдык акчасынын ичинен
-2600,0 таштанды ташуу автоо унаа алууга чыгашалары боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору менен бекитилсин.
-“Достук” бала бакчага 14,0(он тɵрт мин) сом
-Кɵчɵ жарыгына 1900,0 (бир млн тогуз жүз мин) сом
2. Токтомдун аткарылышы Чон-Сары-Ой айыл Ѳкмѳтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБ нүн башчысы Ж.Учкемпировага милдеттендирилсин.
3.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
4. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести ѳнүктүрүү» жана «Маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция коомдук уюмдар менен иш алып баруу жана дин маселеси боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Т. Туйгунов |