Загрузка документа…
ЧОҢ-САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Чоң-Сары-Ой айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясы
2021-жылдын 27-январы № 241
«Жер тилкесин (трансформациялоо) боюнча сушуш киргизуу жɵнүндɵ»
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесине ылайык ОсОО «Койсуу» суу электр чордону жоопкерчилиги чектелген коомунун жеткчиси Н.Р Ирсалиевдин кайрылуусун карап, талкуулап чыгып Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңеши токтом кылат:
Орто-Койсуу суусунун боюнан:
-Май-Чункур аймагынан сайдын нугунан башка гидротехникалык курулманы куруу учун 0.5 га жер тилкесин;
-Кара кыштоо аймагынан 1-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-Байке-Чункур конушунун үстүнɵн 2-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-башкы гидротехникалык курулма менен суу электр чордонунун имараттарына чейин узундугу 5460, туурасы 4м 2.18 га жер тилкесин оргутуучу суу түтүгүн жайгаштыруу үчүн, жалпы аянты 3.68 га болгон жер тилкелерин;
Чок-Тал ɵзɵнүнүн бойунан:
-Эки-Чат аймагынан сайдын нугунан башкы гидротехникалык курулманы куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-Чок-Тал менен Жыланач сууларынын куюлмасынын тɵмɵн жагынан 115 контурдан сайдын нугунан 1-суу электр чордонун имаратын куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-Боз-Бешик аймагынан 727 контурдан 2-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-Чок-Тал ɵзɵнүнүн сайдын күн чыгыш тарабынан башкы гидротехникалык курулма менен суу электр чордонунун имаратына чейин узундугу 7240 м, туурасы 4м 2.9 га болгон жер тилкесин оргутуучу суу түтүгүн жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 4.4 га болгон жер тилкелерин;
Чет- Кой-Суу суусунун боюнан:
-Чет-Кой-Суу ɵзɵнүнүн сайдын нугунан башкы гидротехникалык курулманы куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-суунун талааларга болуштуруу аймагынан 1-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-ɵзɵндүн бойунан, башкы гидротехникалык курулма менен суу электр чордонунун имаратына чейин узундугу 3580 м, туурасы 4м 1.43 га болгон жер тилкесин оргутуучу суу түтүгүн жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 2.43 га болгон жер тилкелерин;
Чон-Кой-Суу суусунун бойунан:
-озонунун сайдын нугунан башкы гидротехникалык курулманы куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-суунун талааларга бɵлүштүрүү аймагынан 1-суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0.5 га жер тилкесин;
-ɵзɵндүн бойунан, башкы гидротехникалык курулма менен суу электр чордонунун имаратына чейин узундугу 7220 м, туурасы 4м 2.89 га болгон жер тилкесин оргутуучу суу түтүгүн жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 3.89 га болгон жер тилкелерин;
1. «Койсуу» суу электр чордону Жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Н.Р Ирсалиевге жалпы аянты 16.72 га «айыл чарба багытындагы жерлерин» узак мɵɵнɵттүү пайдаланууга жана башка категорияга, башкача айтканда «ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» которуу (трансформациялоо) 49(кырк тогуз) жылдык мɵɵнɵткɵ ижарага берилсин.
2. Жогорудагы жалпы аянты 16.72 га «айыл чарба багытындагы жерлерин» узак мɵɵнɵттүү пайдаланууга жана башка категорияга, башкача айтканда «ɵнɵр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» которуу (трансформациялоо) боюнча Ысык-Кɵл райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышы Чоң-Сары-Ой айыл Өкмөтүнүн башчысы У.Абдырахмановго жана ФЭБнун башчысы Ж. Учкемпировага милдеттендирилсин.
5.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чоң-Сары-Ой айылдык Кеңешинин «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» жана «Жер агрардык реформа кайра иштетүү өнөр-жай, курулуш, байланыш, транспорт, отун-энергетика боюнча туруктуу комиссияларларына тапшырылсын.
Төрага | Э. Кожокеев |