Загрузка документа…
КОК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-марты № 11
Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылына көчө атын ыйгаруу жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин «Көчөнүн атын берүү жөнүндө» 02.09.2019-жылында чыккан №20 токтому көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү боюнча моаторий киргизилген мезгилине дал келгендигине байланыштуу, Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк- Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылындагы «АБЗ» участкасын Алымбаев Сабырбек Сапиянович атындагы көчө деп ыйгарылсын.
2. Бул токтом Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүӊ башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев. А.Б |