Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26- январы № 2
Көк-Мойнок айыл аймагына жеке агрономдун милдеттерине кирген кызматтардын болжолдуу түрлөрүн жана бааларын бекитүү жөнүндө
Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Мойнок айыл аймагында жеке агрономдун милдеттерине кирген кызматтардын болжолдуу түрлөрү жана аларга төлөнүүчү баалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Б. Джодаев |