КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19- февралы № 6
Көк-Мойнок айыл аймагынын жайыт комитетинин жетекчисинин жана бухгалтеринин ишин кароо жөнүндө
Тоӊ районунун мамлекеттик администрациясынын 09.02.2021-жылдагы №20 токтомунун негизинде Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Тилебалдиевдин сунушун Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттары угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк- Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттары айыл аймагында жыл ичинде жасалган иштерин баалап, 2020-жылы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин чогултулбай калган ижара акысын 2021-жылдын 1-кварталынын акырына чейин толук чогултуу тапшырылсын. Жайыт комитетинин жана бухгалтеринин ишиндеги кетирилген кемчиликтери үчүн Көк-Мойнок айыл аймагынын жайыт комитетинин жетекчиси Р.Ташпаевге жана бухгалтери У.Усупбековго эскертүү берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасы А.Б.Джодаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Б. Джодаев |