Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 6-январы № 2
Фрунзе айыл аймагына таштандыларды чыгарууга чен коюу Фрунзе айыл аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) маанилуулугун 2021-жылга бекитуу жонундо
Фрунзе айыл аймагынын айланасындагы таштандыларды чыгаруга акча каражаты талкуланды. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде, жергиликтүү бюджетке кошумча киреше кирип турушу үчүн жана келе жаткан жылдын коюлган максаттарын, ошондой эле; долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде Фрунзе айыл аймактык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. 2021-жылдын 1-январынан тартып Фрунзе айыл аймагьнда төмөнкү салык төлөмдөрү киргизилсин:
2. Таштандыларды чыгарууга төлөм
а) таштандыларды чыгаруда ар бир жашоочу 15 сом өлчөмүндөгү салык төлөөсү каралат. Ал эми менчигинин түрүнө, кызматкерлердин санына карабастан юридикалык жактар үчүн бир адамга 25 сом өлчөмүндө салык төлөө каралат.
З. Жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн, чарбачылык эмес, үйдүн тегерегиндеги жерлерди пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле бак-шактуу жер үлүшүн пайдалангандыгы үчүн Фрунзе айыл аймагында 2021-жылына 1-январынан тартып 1,2 өлчөмүндө зоналдык коэффициент (Кз) бекитилсин
4. Айыл чарба өндүрүшүнүн имараттарынын объектилерине К2=0,2 коэффицентти бекитүү (гараж, ондоо ишканасы, кампа, дан тазалоочу комплекси, жашылча сакточу жай, кашарлар, канаттууларды кармоочу жайлар, силостук чуңкурлар жана чөп жыйноочу жайлар, курулуш жана чарба короолору жана башка айыл чарбаларга).
5. Ушул токтом каттоодон откорулсун жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдетин Фрунзе айлдык кенешинин бюджеттик комиссиясьнын төрагасы Т.О. Джумабековго жүктөлсүн.
Фрунзе айыл кенешенин Төрагасы | Оркунчиев Э.Н |