Загрузка документа…
ЧОН–КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШНИН ТОКТОМУ
2018-жылдын 28-марты № XXVII/11-4
Тѳрт-Күл айылын Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүп берүүгѳ жана жалпы аянты 394,7 га түзгөн жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ
(Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № XXVIII/13-1 токтомунун редакциясына ылайык)
Чон-Кемин айыл аймагында жайгашкан Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу менен «Чон-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагында жайгашкандыгына байланыштуу Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүү жана которууга (трансформациялоо) маселени карап Чон-Кемин айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын администрациялык – аймактык түзүлүшү туралуу мыйзамынын 12-беренесин жетекчилике алып, Чон-Кемин айыл аймагындагы Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу менен «Чон-Кемин» мамлекеттик жаратылыш паркынын карамагында жайгашкандыктан, жергиликтүү калк катмарына социалдык жана башка түрдѳгү ар тараптуу кызматтар толук кандуу кѳрсѳтүлбѳй калгандыктан, Тѳрт-Күл айылы Капчыгай коктусу «Чон-Кемин» суусунун айланасындагы Шабдан айылына чейинки жерлери (сай) менен Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына “жалпы жер аянты 254,23 га тѳмѳндѳгү ннвентаризациялык номерлерде турган жер тилкелери 931/0,5га (жайыт); 932/1,8га (жайыт); 933/1,7га (жайыт); 941/1,8га (токой); 943/5,53га (сейрек токой); 944/1,6 га (жайыт); 945/2,3 га (токой); 946/0,2 га (бадал); 947/0,7 га (жайыт); 950/1,5га (бадал); 952/0,1га (бадал); 953/7,0га (жайыт); 955/1,7 га (жайыт); 956/4,5 га (жайыт) 1031/11,0 га (мал айдап отуучуу жол) (токой чарбасын жайгаштыруу материалдары боюнча квартал № 30, жалпы жер аянты 95га (анын ичинен которууга (трансформациялоого) кетүүчү жердин жалпы аянты 41,93га «ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясындагы жерлер, ал эми 6,7 га-Чон-Кемин суусу. 46,37 га-Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын маалымкатынын негизинде чыгарылган жерлерине кирет жана которууга (трансформациялоого жатпайт)), жана квартал 31 байланышкан тилке менен 157,3 га (анын ичинен которууга (трансформациялоого) кетүүчү жердин жалпы аянты 112,8 га «ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясындагы жерлер, ал эми 23 га-Чон-Кемин суусу, 5,5 га-сугат айдоо жана 16,0 га кѳчѳткананын жерлерине кирет жана которууга (трансформациялоого) жатпагандыгына байланыштуу ѳзгѳртүүсүз мурдакыдай калтырылды) жана квартал № 32 байланышкан тилке менен 123,7 га (анын ичинен которууга (трансформациялоого) кетуучуу жердин жалпы аянты 99,5га «ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясындагы жерлер, ал эми 18 га- Чон-Кемин суусу, 6,2 га-саздарга кирет жана которууга (трансформациялоого) жатпагандыгына байланыштуу ѳзгѳртүүсүз мурдакыдай калтырылды).
11. Мамлекеттик менчикте турган жалпы аянты 254,23га түзгѳн жер тилкесинин «ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан 210,03 га «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына (квартал №30/41,93га; №31/68,6га (112,8-44,2); №32/99,5га) которууга (жердин түрү ѳзгѳртүүсүз калтырылсын), жана калган 44,2га жер «ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан (квартал №31 которулуучу жер аянты 128,8га ичиндеги токойлуу аянттардын эсебинен 25,2га кѳбѳйүп 44,2 га тузуп (мурдагы токой чарбасын жайгаштыруу материалдары боюнча, калктуу конуштардын жер аянты 19,0 га түзсѳ, кошулган токойлуу аянттар 25,2 га тузуп жалпысынан 44,2 га түзѳт) Тѳрт-Күл конушундагы муниципалдык менчикте турган «Калктуу конуштагы жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) тийиштүү органдардан суралсын.
12. Алмаштыруу үчүн жалпы аянты 254,23га «ѳзгѳчѳ корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин» ордуна, мамлекеттин менчигиндеги «мамлекеттин запасындагы жерлер» категориясынан жалпы аянты 254,23га (бирдей кѳлѳмдѳ жер участоктору, ивентаризациялык номери 2736/12,5 га( таштак жайыт); 2737/1,2 га (таштак жайыт); 2738/17,8 га (таштак жайыт бадалдар менен); 2739/14,0 га (таштак жайыт бадалдар менен); 2740/0,5 га ( таштак жайыт токою менен); 2741/3,0 га (таштак жайыт токою менен); 2742/0,2 га( таштак жайыт токою менен); 2743/0,2 га ( таштак жайыт токою менен); 2744/143,5 га ( таштак жайыт); 2745/0,1 га (таштак жайыт токою менен); 2746/0,7 га ( таштак жайыт); 2747/0,6 га (таштак жайыт); 2748/0,1 га (таштак жайыт бадалдар менен); 2749/0,7 га (таштак жайыт); 2750/0,3га (таштак жайыт); 2751/44,1 га (таштак жайыт); 2752/11,9 га (таштак жайыты); 2753/0,5га (таштак жайыт); 2754/1,0 га (таштак жайыт); 2755/1,1 га (таштак жайыт); 2756/0,23 га (таштак жайыт) жерлерге алмашууга тийиштүү органдардан суралсын.
(Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № XXVIII/13-1 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тѳрт-Күл айылы, Капчыгай коктусу, «Чон-Кемин» суусунун айланасындагы жерлери (сай) менен Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагына ѳткѳрүүгѳ жана жана которууга (трансформациялоо) тийиштүү органдарга кайрылып, тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
Чон-Кемин айылдык Кенешинин төрагасы |
И.М.Ибраимов |