Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-январы № 120/XXXIII
Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүнүн бюджетин бекитүү жана 2022-2023 жылдарга кирешелерин божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, 2020-жылдагы Ивановка айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө каржы-экономикалык бөлүмүнун башчысы Черненко С.Н.ны угуп жана талкуулагандан кийин. Ошондой эле кирешелер боюнча башкы адис Б.Т. Арзыгуловду угуудан жана талкуулоодон кийин, Ивановка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга киреше бөлүгүндө берилген бюджеттик планы жана 2022-2023-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолу Ысык-Ата аймактык каржы бөлүмү Ивановка айылдык кеңеши,
Токтом кылат:
1. 2020-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту 24795,3 (жыйырма төрт миллион жети жүз токсон беш миң үч жүз) сом өлчөмүндө кабыл алуу.
2. Ивановка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2021-жылга бюджети 35911,7 (Отуз беш миллион тогуз жүз он бир миң жети жүз) сом көлөмүндө бекитилсин.
3. Ивановка айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2022-жылга 36634,6 (отуз алты миллион алты жүз отуз төрт миң алты жүз) сом суммасында болжолу бекитилсин. Ал эми 2023-жылга 37204,6 (Отуз жети миллион эки жүз төрт миң алты жүз) сом суммасында.
4. Айылдык кеңештин ушул токтомун Ысык-Ата райондук каржы бөлүмүнө жөнөтүңүз.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы | И.Х. Юсупов |