Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-декабры № 38
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV -кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын м.а.Айдаралиев Н. Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Кызыл-Чарба айылындагы көчөнү үлүштүк дем берүүчү (Стим гран) аркылуу капиталдык ремонттон өткорүү үчүн 2021жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 506,049 сом акча каражатын өздүк салым катары жана 2020-жылдын 06-ноябрындагы №32 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө боюнча маалыматын угуп талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын XIV –кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айылдык кенешинин 2020-жылдын 06-ноябрындагы №32 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизилсин
2. Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу Кызыл-Чарба айылындагы көчөнү үлүштүк дем берүүчү (Стим грант) аркылуу асфальтоо үчүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 506,049 сом акча каражатын өздүк салым катары кошумча каралсын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Айдаралиевге милдеттендирилсин
4. Токтомдун атарылышын көзөмөлдө жагын өзумө калтырам
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ак-Добо айылдык Кеңешинин төрагасы |
А. Кочоркулов |