Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-сентябры № 17
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчүсу адис А. Джумалиеванын Туз айылынын Мусаходжаев көчөсүнүн №21 үйүнүн тургуну 1976-жылы төрөлгөн Богданова Лидия Ивановнанын үйүнүн чатырын жаап, тамдын боорун которуп, эшик, терезе орнотууга жана кум, таш түшүргөнгө материалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Туз айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Туз айыл аймагынын башчысы А. Мусакожаевге: жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты материалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мусаходжаев |