Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын 2-сессиясы

 

2021-жылдын 4-марты № 2

Жайытка чыккан малдардын жайыт акысы жөнүндө

Кең-Арал айыл элинин кайрылуусу боюнча айыл элинин жайытка чыккан малдарынын жайыт акысын белгилөө боюнча сунуштамасын угуп талкуулап депутаттардын Кең-Арал айылдык кенешинин XXXIХ - чакырылышынын 2-сессиясы токтом кылат

 

1.Кең-Арал айыл аймагындагы жайытка чыккан малдардын жайыт акысы ар бир башына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

-Жылкы, уй башына -80сом;

-Кой-эчкиге -15сом;

Малдардын багуу акысы төмөндөгүдөй белгленсин:

-Жылкы, уй, торпок башына -600сом;

-Бээ кулуну менен -1000сом;

-Кой, эчкиге -80сом;

2.Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

И. Жумабеков