Редакцияот 19.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын 1-сессиясы

 

2021-жылдын 19-январы № 1

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө

2016-жылдын 12-июлундагы Биринчи вице-премьер министрде болгон кеңешменин протоколунун не гизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ- чакырылышынын 1-сессиясы токтом кылат

 

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишим бекитилсин.

2.Токтомдумдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

И. Жумабеков