Редакцияот 19.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кең-Арал айылдык аймактык Кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын 1-сессиясы

 

2021-жылдын 19-январы № 10

Жоон-Дөбө массивиндеги скважинанын тегерегиндеги тал-теректерди жана кара жыгачтарды кыюу жөнүндө

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоон-Дөбө массивиндеги скважинанын тегерегиндеги 38-даана тал-теректи курулуш материалына жаратып жаткандыктан кыюу боюнча айылдын тургуну Ч.Кулмырзаевдин кайрылуусун карап талкуулап Кең-Арал айылдык кеңешинин XXXIХ-чакырылышынын сессиясы токтом кылат

 

1. Кең-Арал айылынын Түштүк тарабындагы Жоон-Дөбө массивиндеги суу сордуруучу скважинанын тегерегиндеги 38 даана тал-теректерди курулуш материалдарга керектүү болгондуктан кыюуга уруксат берилсин.

2. Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөүнүн башчысы Б.Нурматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

И. Жумабеков