Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XLIII сессиясы
2020-жылдын 28-февралы № XLIII
Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинен улактык ат сатып алуу жөнүндө
Кызыл Белес айылдык Кеӊешинин Финансы жана Мыйзамдуулук боюнча комитеттин мүчөсү Ж. Шергазиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга кызыл Белес айыл аймагында спорт жана ат оюндарын анын ичинен улуттук Көк-бөрү оюнун колдоо максатында “Соӊ- Көл” командасына улак тартууга ылайыктуу спорттук бир баш ат сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүнүп берилсин.
2. “Соӊ-Көл” командасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен улак тартууга ылайыктуу спорттук бир баш ат сатып берилгенден кийин айыл өкмөтүнө кириштелсин.
3. 1) ЖКХ статья 3113 60,0 миӊ сом.
Баардыгы: 60,0 миӊ сом.
Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге жана айылдык Кеӊештин Финансы тармагы боюнча комитет мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |