Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Кезектеги XLVIII сессиясы
2020-жылдын 19-ноябры № XLVIII/IV
Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы Көк-Бөрү ойноочу жерге атын ыйгаруу боюнча
Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Кадыралы айылындагы Көк-Бөрү ойноочу жерге атын ыйгаруу боюнча 2020-жыл ичинде карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы Көк-Бөрү ойноочу жайы Чотуров Элүүбай атындагы улак ойноочу жай болуп аты ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айылдык Кеӊештин төрагасы У. Турдубековго тапшырылсын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |