Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Кезектеги LI сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № LI/II
Жайыт акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө
Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы майда жандык бодо малдардын жайыт акы бааларын бекитүү жөнүндө. Күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан Кадыралы айылындагы майда жандыка кой-эчкиге 2021-жылдагы тарифи 8 сомдон болуп бекитилсин, жана улак-козу, тай, торпокко жайыт акы алынбасын, жана бодо малдарга жайыт акысы баасында 40 сомдон бекитилсин.
2. Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесине 2021-жылдын апрель айынан баштап ноябрь айына чейин сырттан мал алып келип чабандарга кошкондор жайыт пайдалануучулар бирикчесине жайыт акы төлөшсүн, жана жайыт билеттери жок болсо, малдарын чабандар алууга жол берилбесин.
3. Кадыралы айылындагы жеке ветеринардык вет серфиздердин уруксат кагаздары жок малын чабандар алса, жайыт пайдалануучулар тарабынан жана жеке ветеринардык вет серфиздин мыйзамдарынын негизинде чабандарга штраф салынсын, жана чабандарга жайыт пайдалануучулар тарабынан алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл Белес айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикчесинин жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге тапшырылсын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |