Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Кезектеги LI сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № LI/I
Кадыралы бала бакчасы жөнүндө
Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы “Кадыралы” бала бакчасындагы күн тартибиндеги маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын “Кадыралы” бала бакчасынын жалпы ата-энелердин чогулушунун токтомунун негизде ай сайын төлөнүүчү ата-энелик взносу 500 сомдон бекитилсин.
2. Кызыл Белес айыл аймагынын “Кадыралы” бала бакчасында ата-энелер комитетинин жаӊы түзүлгөн курамы бекитилсин.
3. Кызыл Белес айыл аймагынын “Кадыралы” бала бакчасында ата-энелердин курамы менен камкорчулук кеӊеши түзүлгөн курамы бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын “Кадыралы” бала бакчасынын директору Чотурова Нуржанга милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |