Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын Кезектеги LII сессиясы

 

2021-жылдын 5-марты № LII

Кадыралы айылына ФАП курууга муниципалдык менчиктеги жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылына ФАП курууга  муниципалдык менчиктеги жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө күн тартибиндеги  маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы 4-01-12-1001-0182 чи идентификациялык коддогу жайгашкан муниципалдык менчиктеги 600м.кв. жер аянтына ФАП курууга уруксат берилсин.

2. Жогорудагы көрсөтүлгөн жер аянтындагы ФАПтын имараты эскилиги жетип, авариялык абалда болгондуктан жаӊы ФАП куруу үчүн уруксат берилсин.

3. Бул токтомдун негизинде укуктук нормативдик документтерин берүү Ак-Талаа райондук, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, Мамлекеттик Кадастр мекемесинин Ак-Талаа филалынан суралсын.

4. Баардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.

 

Кызыл Белес айылдык

Кеңештин депутаттардын төрагасы:

 

У. Турдубеков