Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № XХXVIII
Кызыл Белес айыл аймагына айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл Белес айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүндө аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы Кайымбек уулу Соӊкөлбекке бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |