Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIXсессиясы
2020-жылдын 28-январы № XХXIX/I
Кызыл Белес айыл аймагынын 2019-2023-жылга карата түзүлгөн өнүктүрүү стратегиясынын планы жөнүндө
Кызыл Белес айыл аймагынын 2019-2023-жылга карата түзүлгөн өнүктөрүү стратегиясынын жана инвестициялык планын карап чыгып 17-январь 2020-жылдагы элдик жыйындын № 34 протоколунун негизинде күн тартибиндеги маселе боюнча маселени карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын жашоочулары менен болгон элдик жыйындын негизинде “Айыл аймагыгынын 2019-2023-жылга карата түзүлгөн өнүктүрүү стратегиясынын жана инвентициялык планы” өзгөртүүсүз калсын.
2. 2020-жылга инвестициялык планы кабыл алынсын.
3. Бекитилген өнүгүүнүн стратегиялык планын сапаттуу аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү тармактын адистерине, мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин төрагасы У. Турдубековго милдеттендирисин.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |