Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIXсессиясы
2020-жылдын 28-январы № XХXIX/II
Кызыл Белес айыл аймагындагы АИД-3 добооору боюнча
Кызыл Белес айыл аймагында АИД-3 долбооруна жазылган таза суунун дизайнын карап чыгып Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биринчи маселе боюнча Кызыл Белес айыл аймагында АИД-3 долбооруна жазылган “Айылдын таза суу системасын толук капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча жазылган ири долбоордун дизайны жактырылсын;
2. Кызыл Белес айыл аймагында АИД-3 долбооруна жазылган “Резервуар жана таза суу системасына ремонттон өткөрүү” боюнча жазылган чакан долбоордун дизайны жактырылсын;
3. Долбоорду сапаттуу жазып облустук комиссияга сунуштоо жагы Кызыл Белес айыл аймагынын аскердик эсепке алуу столунун инспектору К. Абдиевге тапшырылсын;
4. Токтомдун аткаруу жагын Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеӊештин төрагасы У. Турдубековго милдеттендирилсин.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |