Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIXсессиясы
2020-жылдын 28-январы № XХXIX/IV
ПРООНго жер тилкесин чечип берүү жөнүндө
Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН аркылуу келген проектиге айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерден жер тилкесин чечип берүү боюнча Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН аркылуу келген проектиге айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерден жер тилкесин чечип берүү жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар экономист-статист адиси М. Шерматовго милдетендирилсин.
2. Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН аркылуу келген проектиге айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерден жер тилкеси мыйзам чегинде чечилип берилгенден кийин погреб куруу жагы ПРООН проектисинин долбоор жетекчиси Бабаканов Жумабайга жүктөлсүн.
3. Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ПРООН аркылуу келген проектиге айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерден жер тилкеси мыйзам чегинде чечилип берилгенден кийин погреб куруу иштерине техника жагынан жардам берүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун негизинде укуктук нормативдик документтерин берүү жагы Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн, рай архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Баардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айылдык Кеӊештин “Өнөр жай агрардык курулуш транспорт жана байланыш коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери” боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |