Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIXсессиясы
2020-жылдын 28-январы № XХXIX/V
Кызыл Белес айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө
Кызыл Белес айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен арендага алган жери Берикбаев Урматтын 2018-жылы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоонун типтүү келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу арендага алган жери алынсын.
2. Кызыл Белес айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен арендага алган жери Берикбаев Урматтын 2018-жылдан баштап айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижаралоонун типтүү эки тараптуу келишими жок болгондуктан арендага алган жери алынып, аукционго койулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыдык Кеӊештин “Өнөр жай агрардык курулуш транспорт жана байланыш коммуналдык кызмат көрсөтүү маселелери” боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл Белес айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаев милдеттендирилсин.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |