Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XLV сессиясы
2020-жылдын 31-марты № XLV/III
Кызыл Белес айыл аймагына караштуу алыскы Арпа жайлоосундагы жайыт жерлерди арендага берүү жөнүндө
Кызыл Белес айыл аймагына караштуу алыскы Арпа жайлоосундагы жайыт жерлерди Нарын областына караштуу Ат-Башы районунун Кара-Суу, Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн малчыларын жайыт пайдалануу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынына караштуу алыскы Арпа жайлоосундагы жайыт жерлерди Нарын обласына караштуу Ат-Башы районунун Кара-Суу, Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн малчыларына жайыт пайдалануу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде жайыт акы үчүн жылына майда жандыкка мал башына 30 сомдон бодо малга мал башына 100 сомдон бекитилсин.
2. Эки тараптуу келишимдин негизинде Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Жайыт пайдалануучулар комитетинин банктагы эсеп счотуна акча каражаты которуу жолу менен которулсун.
3. Түзүлгөн эки тараптуу келишимди бузган тарап мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Жайыт комитетинин жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |