Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XLVI сессиясы
2020-жылдын 22-майы № XLVI
Ат-Кулак ИСКАКБнын документтерин бүтүрүү боюнча
Ат-Кулак ИСКАКБнын документтерин бүтүрүү боюнча Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак ИСКАКБнын тийиштүү документтерин бүтүрүү боюнча Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак ИСКАКБнын тийиштүү документтерин бүтүрүү боюнча Кадыралы айылынын түндүк тарабынан айыл өкмөтүнүн муниципалдык жерден 0,50 сотых жер үлүшү бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун негизинде укуктук нормативдик документтерин берүү жагы Ак-Талаа райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн, рай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына суралсын.
3. Бардык талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык чечилээри эскертилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |