Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XLVIII сессиясы
2020-жылдын 19-ноябры № XLVIII/I
Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак “ ИСКАКБнын ичиүүчү таза суунун тарифтери боюнча
Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак “ИСКАКБнын ичиүүчү таза суунун тарифтерин 2020-жыл ичинде карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак “ИСКАКБнын ичиүүчү таза суусунун тарифи үйүнө (эшигинин алдына) суу киргизгендер суу акы үчүн ай сайын 100 сомдон төлөнсүн. Жаз алды менен келүүчү проекти менен копиталдык ремонттон толугу менен жазалгандан кийин баасы кайра сессияда каралып бекитилсин.
2. Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак “ИСКАКБнын ичиүүчү таза суусунун тарифи үйүнө (эшигинин алдына) суу киргизип комерциялык багытында иш алып баргандарга (баня, авто мойка) иштеткендер үчүн 250 сомдон төлөнсүн.
3. Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак “ИСКАКБнын ичиүүчү таза суусуна үйүнө суу киргизүү үчүн уруксат алуу үчүн төгөлүүчү 3000 сомдон акчасы чогултулуп мурдагы таза суунун карызына төгүлсүн. тиркеме тиркелет ( 6-барак ).
4. Кызыл Белес айыл аймагына караштуу Ат-Кулак “ИСКАКБнын ичиүүчү таза суусун шланги менен жер жемиш, огород сугарууга тыюу салынсын.
5. Мыйзамга баш ийбеген түтүн ээлерине акт жазылып, суулары кыркылып айыл мыйзманын чегинде же укук коргоо органдарына берилип мыйзам чегинде чаралар көрүлсүн.
5. Жыл жыйынтыгы менен аткарылган иштери боюнча Кадыралы айылынын элине толугу менен отчеттору берилсин.
6. Ушул токтомду аткаруу жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айылдык Кеӊештин төрагасы У. Турдубековго тапшырылсын.
Кызыл Белес айылдык Кеңештин депутаттардын төрагасы: |
У. Турдубеков |