Редакцияот 19.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кызыл Белес айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XLVIII сессиясы

 

2020-жылдын 19-ноябры № XLVIII/II

Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы жаӊы бүткөн футбол аянтчасы жөнүндө

Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы жаӊы бүткөн футбол аянтчасын 2020-жыл ичинде карап талкуулап Кызыл Белес айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы жаӊы бүткөн футбол аянтчасы С.Атамбеков орто мектебине сабак учуруда балдарга ойноо үчүн берилсин .

2. Кызыл Белес айыл аймагынын Кадыралы айылындагы жаӊы бүткөн футбол аянтчасы 6-7 күндөрү саат 11ден 15ке чейин атайын Кадыралы айылынын мектеп курактагы балдарга эс алып ойноо үчүн берилсин.

3. Кадыралы айылындагы жаӊы футбол аянтчасы айылдын жаштарына кечки саат 5 ден 10 чейин ойногонго берилсин жана ичимдик ичип алып футбол аянчасына барбоо жагы коомдук тартипти тазалыкты сактоо жагы жаштар комитетинин төрагасы Абдиев Калыбекке милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомду аткаруу жагы Кызыл Белес айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Абдылдаевге милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айылдык Кеӊештин төрагасы У. Турдубековго тапшырылсын.

 

Кызыл Белес айылдык Кеңештин

депутаттардын төрагасы:

 

У. Турдубеков