Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 149/XXXV-27
Таэквон-до ITF боюнча Ново-Покровка командасын сыйлоо жөнүндө
Таэквон-до ITF боюнча Ново-Покровка командасынын машыктыруучусу И.А.Юсуповдун Ысык-Көл облусунун ачык Чемпионатынын катышуучуларын сыйлоого акчалай каражат бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусун карап, Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы С.А.Дмитриевага:
- Таэквон-до ITF боюнча Ново-Покровка командасынын катышуучуларын сыйлоого 60,0 миң сом суммасында акчалай каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ч. Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кенешинин төрагасы |
Э.М. Абдыкеримов |