Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 28-январы № 153/XXXV-27
«Статистикалык маалыматтарды чогултуу үчүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» келишимин бекитүү жөнүндө
«Статистикалык маалыматтарды чогултуу үчүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» келишимин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Ново-Покровка айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ново-Покровка айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Ысык-Ата райондук статистика бөлүмүнүн ортосундагы «Статистикалык маалыматтарды чогултуу үчүн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ч. Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кенешинин төрагасы |
Э.М. Абдыкеримов |