Редакцияот 05.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

2020-жылдын 5-ноябры № 143/XXXIV-27

Ново-Покровка айыл аймагынын Жаштар Ордосунун аймагында воркаут аянтчасын курууга каражат бөлүү жөнүндө

Айыл жергесинде дене тарбияны өнүктүрүү, жаштарды адеп-ахлактык тарбия берүүгө багытталган сергек жашоону жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу максатында, Ново-Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик комиссияга 2021-жылда акчалай каражат каралсын:

- Ново-Покровка айыл аймагынын “Жаштар Ордосунун” аймагында воркаут аянтчасын куруу үчүн 400,0 мин.сом суммасында;

- даярдалган аянтчага видео байкоону орнотуу үчүн 50,0 мин сом;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл  өкмөтүнүн башчысы М.Ч. Кыдыкеевге жүктөлсүн.

 

Ново-Покровка айылдык

кенешинин төрагасы

 

Э.М. Абдыкеримов