Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 141/XXXIV-27
Ново-Покровка Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына мемориалдык тактасын орнотуу жөнүндө
Ново-Покровка айылдык кенешинин 27-чакырылышынын депутаты, Ново-Покровка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун фельдшери, жаштардын лидери, айылдын активисти Гаук Валерий Павловичтин өз кесиптик милдетин аткаруу убагында, COVID-19 инфекциясы менен күрөшүүдө каза болгонуна байланыштуу жаркын элесине арнап мемориалдык тактасын орнотуу жөнүндө Строительная көчөсүнүн жашоочуларынын жана Гаук А.В. кайрылуусун карап, Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гаук Валерий Павловичтин жаркын элесине арнап, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына мемориалдык тактасы орнотулсун.
2.Бюджеттик комиссияга 2021-жылда мемориалдык тактасын орнотууга акчалай каражат каралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айылөкмөтүнүн башчысы М.Ч.Кыдыкеевге жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кенешинин төрагасы |
Э.М. Абдыкеримов |