КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-сентябры № 27-33/144
Оруп жыюу боюнча жыйынтык жана 2021-жылдын түшүмү үчүн айдап себүүгө даярдык көрүү жөнүндө
Айыл аймагы боюнча 2019-2020-жылдарга айдап себүү боюнча күздүк буудай иштери 122 га күздүк буудай себилген, ал эми 2020-жылкы жаздык айдап себүүгө 20 га жаздык буудай себилип 225 га жаздык арпа себилген, жалпы а/өкмөтү боюнча кылкандуу дан эгиндердер 467 га түзөт. Оруп жыюу иштери түзүлгөн графиктин негизиде аяктагандыгы боюнча маалымат угулду.
Жыл ичинде сугат суунун тартыштыгынан жылдагыга салыштырмалуу дыйкандардын эккен эгиндин түшүмдүүлүгү аз болуп калып, М-1 каналынан сугат суу алган дыйкандар, Манас районунун УОСу тарабынан, АВПнын берген табыштамасына карабастан суунун көлөмүн толук бербей жаткандыгы боюнча маселе козголуду.
Андан тышкары айыл өкмөтүнүн киреше булагын көбөйтүү максатында Арал айылынын этек жагындагы кайракы жерлер М-1 каналынан суу ичип жаткандыгына байланыштуу жер салыгын көтөрүү боюнча маселе каралып токтом кылат:
1. Айыл аймагы боюнча оруп жыюу боюнча жана 2021-жылдын түшүмү үчүн айдап себүүгө даярдык көрүү иштери канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2021-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндердин айдоо аянттарын көбөйтүү боюнча мамлекеттик программалары жөнүндө дыйкандардын арасында түшундүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Мызаевке тапшырылсын.
Төрага: | Б. Алымбаев |