Редакцияот 06.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 6-январы № 27-35/162

Кирпич завод курууга уруксат берүү жөнүндө

Кайыңды айыл аймагынын тургундарынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү жана кошумча жумушчу орундары менен камсыз кылуу максатында, жоопкерчилиги чектелген коом “Орок Кыш Заводу” (“ОКЗ”) 2020-жылдын 14-октябрындагы № 15/20 сандуу катынын негизинде токтом кылат:

 

1. Кайыңды айыл аймагына караштуу Арал айылынын баш жагындагы “Катыраңкы” БДРдин үстүнөн № 520 - контур 2,5 га; № 521- контур 2,5 га жалпысы 5,0 га жер аянты кирпич завод курууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде мыйзамдаштыруу максатында тиешелүү документтерди берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Изаковко тапшырылсын.

 

Төрага:

Б. Алымбаев