Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 27-36/167
Жайыт комитетинин 2021-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктардын өлчөмдөрүн өзгөртүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын бюджетинин киреше булагына жайыт акысы үчүн салыктын өлчөмү төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн:
Кара малга: 1. Сырттан келген мал башына - 200 сом
2.Жергиликтүү жарандардын мал башына – 50 сом
Кой,эчкиге: 1. Сырттан келген мал башына - 40 сом
2.Жергиликтүү жарандардын мал башына – 10 сом
2.Жайыт комитетинин төрагасы (К.Бейшебаев), жайыт бирикмесинин мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн вет.адиси (А.Саматов) менен бирдикте сырттан келген малдын ар кандай жугуштуу орууларга каршы эмдөөлөр жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аныктамаларын текшерүү жагы милдеттендирилсин.
3. Мал багып, жайыт пайдаланган малчылар менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде малды 2021-жылдын 15-апрелинде ортоңкү жана 2021-жылдын 15 - майга чейин алыскы жайытка көчүрүү жагы Ж.К. башчысы К.Бейшебаевке милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт бирикмесинин төрагасы А.Изаковко тапшырылсын.
Төрага: | Б. Алымбаев |