Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 5
“Чоң-Капка” чек ара заставасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Чоң-Капка” чек ара заставасынын башчысы С.Имангазиевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын “Чоң-Капка” чек ара заставасынын башчысы С.Имангазиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. “Чоң-Капка” чек ара заставасынын өздүк курамынын жашоо шартын жакшыртуу максатында чек ара заставасынын имаратынын биринчи кабатынын терезелерин, пластикалык терезелерге алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 130,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Садыков |