ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 6
Покровка айылынын башкы планы жөнүндө
Манас районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси Т.Ш.Ускенбаевдин 15.02.2021-жыл №01-12-15 сандуу катын айылдык кеңеш талкуулап
токтом кылат:
1. Манас районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси Т.Ш.Ускенбаевдин 15.02.2021-жыл №01-12-15 сандуу катында көрсөтүлгөн смета канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча- 1 487696 сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Садыков |