Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы

 

2021-жылдын 16-февралы № 7

А.Ж.Абдыкадырова жөнүндө

Бала-Саруу айылынын тургуну Ж.А.Кенжебаевдин кызы А.Ж.Абдыкадырова ак кан оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу, дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап 

токтом кылат:

1.Бала-Саруу айылынын тургуну Ж.А.Кенжебаевдин кызы А.Ж.Абдыкадырова ак кан оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу, дарыланууга муктаждыгы жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Бала-Саруу айылынын тургуну Ж.А.Кенжебаевдин кызы А.Ж.Абдыкадырова ак кан оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу, жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 сом бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын. 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.

 

Төрага

М. Садыков