Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 11
Жайылган айылына трансформатор алууга кошумча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Покровка айыл аймагына караштуу Жайылган айылынын О.Абдукаимов жана Э.Абдылдаев көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айыл аймагына караштуу Жайылган айылынын О.Абдукаимов жана Э.Абдылдаев көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагына караштуу Жайылган айылынын О.Абдукаимов жана Э.Абдылдаев көчөлөрүнө трансформатор алууга кошумча каражат бөлүп берүү үчүн, жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |