Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 14
Сөгөт башталгыч мектеби жөнүндө
Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.А.Мураталиеванын кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Кара-Арча орто мектебинин директору Ж.А.Мураталиеванын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сөгөт башталгыч мектебинин чатырынан суу агып жаткандыгына байланыштуу, чатырын толугу менен алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |