Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 15
Каада-салтты даңазалап, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү жөнүндө
Каада-салтты даңазалап, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү максатында кол өнөрчүлүк менен алектенген энелер жамаатынын арызын айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Каада-салтты даңазалап, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү максатында кол өнөрчүлүк менен алектенген энелер жамаатынын арызы канааттандырылсын.
2. Каада-салтты даңазалап,кол өнөрчүлүк менен алектенген энелер жамаатынын шырдак, ала-кийиз жасоо максатында, кийиз баса турган станок алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 120 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |