ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 16
Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала бакчасынын ремонт иштери жөнүндө
Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала бакчасынын башчысы Ш.Абыкееванын кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала бакчасынын башчысы Ш.Абыкееванын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылындагы №5 “Бакыт” бала бакчасынын ичиндеги санузелдердин, эшик терезелердин эскилиги жетип ремонт иштерин талап кылгандыгына байланыштуу,толук ремонт иштерин жүргүзүү үчүн, жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 000 000 сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |