Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 25-чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы
2021-жылдын 16-февралы № 18
Спорт шаймандары жөнүндө
Манас райондук жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин директору М.Алымбековдун кайрылуусун айылдык кенеш талкуулап
токтом кылат:
1. Манас райондук жаш өспүрүмдөр спорт мектебинин директору М.Алымбековдун кайрылуусу канааттандырылсын.
2 Покровка айылынын М.Кояшев көчөсүнүн батыш жагындагы административдик имаратта жайгашкан күрөш залына керектелүүчү спорт шаймандарын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 млн 300 миң сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Т. Садыков |